№ 69.

ШАБДАН БААТЫРДЫН ТАШЖАЗМА ЭСТЕЛИГИ

[1912 г.]

...Шабдандын мурзосунун жанында граниттен кесилип атайын жасалган, узундугу эки метрдей, туурасы 62, калындыгы 12 сантиметр келген торт бурч жалпак эстелик таш турат. Эки жак бетине толтура жазуу чегилген. Кун чыгыш жакты караган бетинде араб ариби менен туз, кыйгач, ойдотон томой карай жазган 16 сап жазуу бар. Эстеликтин баш жагы киши колдуу болуп талкалангандыгына байланыштуу жазуунун биринчи саптары жок. Жазуунун баш жагы «углынынг» деп башталганына караганда ал создон мурун «Шабдан баатыр Жантай» деген создор болгонун байкоого болот. Жазууну окуп королу: «... (1) углынынг (2) зиараты (3) ушбу ирдэ (4) аталары Карабек, (5) Атаке баатыр, атасы Тынай баатыр, (6) насли кыргыз, (7) сарбагыш урукыдан. (8) Алла тагала жаннат-алфирдависдан жайини, (10) айлагай эйди, оомийин (11). Хат йазган казак молла, (12) Балдак. Тулекажы (Тологожо) кылдыр, (13), ды (жаздырды — Ч. Ж.), тубун ойлап. Йаранлар, (14) ушбу дунйа жан срат (срайе?), (15) кетади вакты келсе, (16) бир кун алдап, сана 1912-м (илади), 1330-х (ижра).

Эстеликтин экинчи бетинде 13 сап рельефтуу жазуу чегилген. Тамгалардын озулорун калтырып, калган жерлеринин бардыгын алып таштасак озунчо кооз корунот. Мындай жол чынында сейрек кездешет. Кандай мааниде жазылганын гана айта кетели. Биринчи сабы араб тилинде: «сенин тенирин ызат жана сыйдын ээси». Андан ары: «Сарбагыш элинин эки ыйык шаарга ажыга барган Шабдан баатыр Жантай уулу 1330-х (ижрада), 1912-м (иладида), жаз айынын 17 синде, жума куну, 73 [139] жашында бул жалган дуйнодон туболук жайга сапар тартты. Маркум кыргыз-казактын эн кадыр-барктууларынан болчу. Орусия окмотунун Азияны женген доорунда бекем кызмат корсотуп, окмот тарабынан войсковой старшина чинин алган эле. Алланын рахматы болсун...» — дегенди окуйбуз...

Окуп, которгон филология илиминин кандидаты

Четин Жумагулов

Кыргызстан маданияты. 1990. 20-декабр.