№ 1.

АТАКЕ БААТЫР ТЫНАЙ БИЙ УУЛУНУН ОМСК ШААРЫНДАГЫ СИБИРЬ АСКЕРДИК БОЛУГУНУН БАШЧЫСЫ ГЕНЕРАЛ Н. Г. ОГАРЕВГО ЖАЗГАН КАТЫ

(Араб шрифта менен жазылган туп нусканын котормосу Д. Сапаралиевдики жана А. Мокеевдики.)

23 август 1785 ж.

Урматтуу мамлекет акылманы, туболук бакыт ээсине ылайыктуу (болгон) баатыр Сулайманга тендеш жана улуу падыша Искендердей тогороктун торт бурчун ээлегендин досу, бакыт-таалайды, жакшылыкты таратуучунун ынактарынын эн маанилуу аксакалы катары улукка (падышага) кол берип, кызматында журген, улуу жарык жуздуу кошун башчысы, екмет мучесу, жениш ээси, калктын арыз мунун угуучусу, падышанын ыктыярын ыраазычылык менен орундатуучусу, мамлекет ээсинин (султанаттын) ишеничтуу жакыны, башкы аскер буйрукчусу (амири), улук Сулайман шахин шактын этибарына (барктоосуна) ээ болгон улуу кандыктын негизи болгон урмат илиминин бермети (коахари) акыл-эс ордосу, ойчулу, падышанын кыяматсыз кишиси, карыпбечералардын дооматтарын тейлоого муктаж болгон, байкуштарга назар салып жардамдашкан, Ак падышага жандили менен кызмат отоп турган генералга жатнама (кагаз жузундогу каалоо) Туак (?) Тынай уулу Атаке батырдан эки ат жибердик, алгачкы урматтообуз маалим болсун деп, эки киши жибердик. Бироонун аты — Абдрахман, экинчисиники — Шергазы. Ак падышага уч жолборс, беш сулоосун тартууладым, туболуктуу саламатчылыктарын сурап келсин деп, эки киши жибердик.

Каттын арткы бетине тамчы турундогу моор басылган, анда «Тынай бий абу (уулу) Атаке батур» деген араб графикасындагы жазуу оюлган.

Россиянин Омск областтык татлекеттик архивы. Ф. 1. Т. 1. К. 237. Б. 155-156 а. б. Куболондурулгон кочурмо.